Бүгүн, 25-апрелде "Ош" жана "Айдаркен" чек ара отряддарында жаш аскерлер кызмат өтөөгө киришип, ант беришти. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, мекенине кызмат кылууга Ошто 224 аскер жана Айдаркенде 141 аскер ант берди. Жаш жоокерлер буга чейин керектүү болгон аскер курстарынан өтүшкөн.
Салтанаттуу иш-чарада куттуктоо сөздөрүн КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилери, мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, ардагерлер жана жоокерлердин жакын туугандары айтышты.