Камбоджа Таиланд менен болгон жаңжалдан улам 5 миң кишини эвакуациялады

Камбоджанын бийлиги бейшембиге караган түнү өлкөлөр ортосунда чыккан кагылышуулардан улам Таиланд менен чек арасындагы Оддармеантьей провинциясынан 5 миңдей жаранын эвакуациялады. Бул тууралуу The Straits Times жазып чыкты.

"Биз турак жай үчүн ылайыктуу инфраструктураны даярдап, эвакуациялангандарды алдын ала тандалган айылдарга бөлүштүрдүк. Ал жерде күнү-түнү болуу үчүн чатырлар, электр жарыгы, таза суу, душ жана медициналык бригадалар бар", - деп келтирет басылма Камбоджа өкмөтүнүн өкүлүнүн сөздөрүн.

Учурда өлкө тең кырдаалдын курчушуна бири-бирин айыптоодо. Бангкок Пномпень баштаган агрессияны токтоткон учурда гана Камбоджа менен сүйлөшүүлөр болорун билдирди.

Таиланддын Саламаттыкты сактоо министрлиги кагылышууда 11 карапайым тургун каза болгонун билдирди. Учурда Камбоджада каза болгондор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан