Ысык-Көл. Өз атасынын колунан бычак жеген наристе көз жумду

Кечээ Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын тургуну Автандил Раматов мас абалында өзүнүн эки жарым жаштагы баласын бычак менен сайып, мыкаачылык көрсөткөндүгү тууралуу кабарлаганбыз. Жети-Өгүз райондук оорукананын реанимация бөлүмүнүн дарыгери Темирбек Тикибаевдин айтымында, бычак баланын ичине сайылып, жүрөгүнө бир аз гана жетпей калган. Ошондой эле башына дагы катуу сокку урулуп, колдорунда дагы бычактын издери бар. Бүгүн жаракат алган наристе өзүнө келе албай ооруканада жан берди. Дарыгерлер "колдон келген жардамды көрсөттүк, бирок, тилекке каршы, оор жаракат алып келген наристенин өмүрүн сактап кала албадык" дешет. Ал эми өз баласын өлүмгө дуушар кылган Автандил Раматов учурда Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында.Тергөө иши уланып жатат. Анын ишин тергеп жаткан Талантбек Ашымалиевдин айтуусуна таянсак, КРнын мыйзамдарына ылайык, А. Раматов 8ден 14 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан