Дамира Ниязалиева телекомпания башчылары менен "Жарнак жөнүндө" мыйзамдын аткарылышын талкуулады

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева 24-апрелде өлкөдөгү телекомпаниялардын башчылары менен жолугушуп, "Жарнак жөнүндө" мыйзамдын аткарылышын талкуулады. Ниязалиева социалдык жарнама маселесинде ачыктык жана системдүүлүк жок экенин белгиледи.   
"Муну эске алуу менен социалдык багытта жайгаштырууну сурангандардын ар бир видеотүрмөгүн объективдүү баалай алгыдай критерийлерди иштеп чыгуу керек. Видеотүрмөктөрдү тандоо ачык жана таза өтүшү шарт",- деди Ниязалиева. 
Жолугушуунун соңунда аталган мыйзамды ишке ашыруу боюнча өздөрүнүн сунуштарын иштеп чыгуу тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине телекомпаниялар жана көз карандысыз эксперттердин катышуусунда консультация өткөрүү тапшырмасы берилди. Жыйынтыгында маселе өкмөттүк аппараттын кароосуна киргизилет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан