Пашинянга импичмент жарыялоонун демилгечиси Армения парламентинде жаңжал жаратты (видео

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинянга импичмент жарыялоонун демилгечиси, оппозициялык депутат Ашот Агазарян пармалентте жаңжал чыгарды.

Ал жыйында орусиялык кесиптештерин армян бийлигинин Орусияга каршы маанайды жайылткан чагымдарына алдырбоого чакырды.

Буга жооп катары бийликтеги “Жарандык келишим” партиясынын депутаттары "уят" деп кыйкыра башташты. Агазарян жооп кылып, бөтөлкөнү алар тарапка ыргытып жиберди. Андан соң чыр чыгып, катышуучулар залдан чыгарылды.

Агазарян өзү буга чейин "Жарандык келишимдин" мүчөсү болгон. Бирок 2024-жылдын декабрында ал партиядан чыгарылган. 2025-жылдын жазында ал өзүнүн партиясын түзүп, Пашинянга импичмент жарыялоо демилгесин көтөргөн.

03.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан