Кыргыз мамлекетинин өкмөттүк аппаратынын, Каржы министрлигинин жана Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлдөрүнөн турган делегация 20-24-апрель күндөрү Малайзияда иш сапары менен болду. Каржы министрлигинин билдиришинче, максат – кыргыз өлкөсүнүн Каржы министрлигинин жана мамлекеттик кадр саясатын иштеп чыгуу менен алектенген башка мамлекеттик органдардын башкаруу, тескөө маселелеринде жана техникалык функцияларды аткаруусунда жогорку компетенттүүлүккө жетишүүнү өздөштүрүү.
"Малайзия күчтүү мамлекеттик кадрдык саясатка, туруктуу кадрдык мыйзамдарга жана кадрдык институттардын натыйжалуу системине таянган мамлекеттик каржыларга ийгиликтүү реформа жүргүзүп келет",- деп билдирет министрлик.