Сузак райондук сотунда 5 судьянын ордуна үчөө гана иштеп жатат

Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитети бүгүн, 27-апрелде Жалал-Абад облусунда көчмө жыйын өткөрүүдө. Маалыматка ылайык, депутаттар облустагы шаардык жана райондук соттордун имараттарынын абалы, жарандардын сот адилеттүүлүгүнө жетүү мүмкүнчүлүгү менен таанышышты. 
Сузак райондук сотунун төрагасы Абибилла Тажибаев райсоттун имараты 1984-жылы курулганын, учурда капиталдык оңдоого муктаж экенин, кадрлар жетишпей, 5 судьянын ордуна азыркы учурда үчөө иштеп жатканын айтты.  
Парламент депутаттары бүгүн Базар-Коргон, Ноокен райондорун кыдырышат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан