Жалал-Абадда жарандардын сотко кайрылууларынын абалы талкууланып жатат

Бүгүн, 27-апрелде Жалал-Абад облусунда Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин көчмө жыйыны өтүп жатат. Депутаттар иш-чара алкагында облус аймагындагы райондук жана шаардык соттордун имараттарынын жана жарандардын сотко кайрылууларынын абалы менен таанышууда. Текшерүү иштери Сузак райондук сотунан башталганын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. 

Комитет мүчөлөрүнө Сузак райондук сотунун төрагасы Абибилла Тажибаев учкай маалымат берди. Анын айтымында, имарат 1984-жылы атайын райондук сот үчүн курулган. Мезгил өткөн сайын имарат азыркы талаптарга жооп бербей калды. Имарат капиталдык оңдоого, ошондой эле эшик-терезелерин алмаштырууга муктаж. Андан сырткары жаңы дарбаза да орнотуу зарыл. Ал техникалык себептерден улам 5 судьянын ордуна 3 гана судья иштеп жатканын кошумчалады.

Көчмө жыйынга депутаттар, Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин жана Судьялар кеңешинин мүчөлөрү катышууда.

Белгилей кетсек, тармактык комитеттин мүчөлөрү көчмө жыйын алкагында бүгүн Базар-Коргон жана Ноокен райондук сотторунун абалы менен таанышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан