Бишкекте "Тараптардын элдешүүсүнөн улам балдарга зомбулук кылгандар эркиндикте калууда" деген темада иш-чара өтүүдө

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бүгүн, 27-апрелде Бишкекте өтүп жаткан "Тараптардын элдешүүсүнөн улам балдарга зомбулук кылгандар эркиндикте калууда" деген темадагы иш-чарага катышууда.

Депутат Наталья Никитенко

"Азыркы кезде балдарга карата жасалган зомбулук жана алардын алдын алуу чаралары өтө аяр тема, коомчулук арасында да ар кандай пикирлер айтылууда. Айрым адамдар абалдын курчуп баратканын билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият тармактарынын, таалим-тарбия иштеринин бузулушу менен түшүндүрүүдө. Башкалары мындай жосундар мурдатан эле болуп келгенин айтып, алардын ачыкка чыгышы жарандардын жигердүү аракетинин натыйжасы деп эсептейт",- деп билдирди.

Депутат бирдиктүү аракет жасамайынча бул маселени укук коргоо органдары да, Акыйкатчы институту да, башка органдар да чече албай турганын белгилейт. 

"Зордук-зомбулук жасаган адамдарды жеке көргүдөй коомдук пикир түзүү зарыл. Ал эми мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтеринин деңгээлинде өз максатына жете алгыдай жаза чараларын иштеп чыгуу милдети турат. Мыйзам чыгаруу менен эле чектелип калбастан, андай жосундарга каршы күрөшкөн мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишин координациялоо зарылчылыгы да бар",- деп кошумчалады Никитенко.


 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан