Алмазбек Атамбаев Нурсултан Назарбаевди кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-апрелде Нурсултан Назарбаевди Казакстандын президенти болуп кайра шайланышы менен куттуктады. Куттуктоо телеграммасында "шайлоодо Нурсултан Назарбаевдин ишенимдүү жеңип чыгышы анын мамлекет башчысы катары эмгегин Казакстандын эли талашсыз тааныганын, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө багытталып жүргүзүлүп жаткан саясий-экономикалык реформаларга ишеним жогорулугун дагы бир далилдеди" деп айтылат.
Мамлекет башчы казак президентине бекем ден соолук, Казакстандын элине тынчтык жана өнүгүү каалады.
Айта кетсек, 26-апрелде өткөн мөөнөтсүз президенттик шайлоодо Н.Назарбаев шайлоочулардын 97 пайызынын добушун алганы жарыяланды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан