Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Икрамжан Илмияновдун отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан 27-апрелде билдиришти. Илмиянов 23-апрелде өз каалоосу менен кызматтан кетүүнү суранып, президентке арыз жазган эле. Анда арыз ээси өзүнө карата негизсиз айыптоолор болуп жатканын билдирген.