Баткенде куткаруучулардын машыгуусу өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, машыгууга Баткен шаарында жайгашкан куткаруу отрядынын куткаруучулары жана үч техника тартылды. Машыгуунун максаты - жол кырсыгы болгон жерге ыкчам түрдө жетип барып, автоунаада кыпчылып калган жарандарды чыгарып, аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүү.