Орусия кыргыз өлкөсү менен бардык багыттар боюнча кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканы айтылды

27-апрелде Жогорку Кеңеш менен Орусия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламент аралык комиссия мүчөлөрү Ош мамлекеттик университетинин иши менен таанышты.

Парламент аралык комиссиянын мүчөлөрү ОшМУнун окутуучулар жамааты жана студенттер менен жолугушту. Жолугушууда аталган окуу жайдын ректору Каныбек Исаков университеттин 75 жылдык мол тажрыйбасы жөнүндө айтып келип, ОшМУнун өлкөнүн түштүк аймагында илимди өнүктүрүү борбору катары геосаясий мааниси бар экендигин белгиледи.

Парламент аралык комиссиянын теңтөрагасы, Орусия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Коргоо боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Виктор Заварзин окуу жайдын окутуучулары менен студенттерине кайрылып, илим жана билим берүүсүз мамлекет өнүгө албастыгын айтты. “Бул университеттин бардык багыттар боюнча өнүгүп бараткандыгы байкалып турат. Орусиялык ЖОЖдор Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары менен олуттуу байланыштарды жолго коюуда”,- дейт Заварзин.

Ал Кыргыз Республикасы Орусиянын стратегиялык өнөктөшү болуп санала турганын белгилеп, евразиялык интеграциялануу темасына да токтолду. Орусия кыргыз мамлекети менен эки өлкө турмушунун бардык багыттары боюнча кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Биз Парламенттер аралык комиссиянын жыйынында маселелердин кеңири алкагын талкууладык. Көптөгөн чечиле элек маселелер менен көйгөйлөргө көз салып, аларды чечүү жаатында биргелешип аракеттенүү сунушу берилди,- дейт ал.

Эске салсак, бүгүн, 28-апрелде Ош шаарында Жогорку Кеңеш менен Орсиянын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламент аралык комиссиянын VI отуруму болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан