Сот реформасынын алкагында иштелип чыккан "Мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам жана адвокатура жөнүндө" мыйзам долбоорун аткаруунун каржы булактары аныктала элек. Бул тууралуу 27-апрелде Жогорку Кеңештин Наталья Никитенко Юстиция министрлигинин, Адвокаттар кеңешинин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топтун мүчөлөрү менен жолугушууда айтылганын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Депутат Никитенко мыйзамдын долбоору боюнча Бишкек менен Ош шаарларында коомдук угуулар өткөрүлгөнүн маалымдады. “Мындай юридикалык жардам негизинен калктын жакыр катмарына берилиши керек эле, бирок коомчулук өкүлдөрүнөн анын алкагын дагы кеңейтүү жаатында сунуштар келип түшүүдө. Ошондон улам маселенин ушул жагын да ойлонуштуруу зарылчылыгы келип чыкты. Ойлонуп көрүү керек”,- дейт ал.
Жумушчу топтун мүчөлөрү жарандарга берилүүчү юридикалык жардамдар үчүн бөлүнө турган каражат өлчөмдөрүн белгилөө, анын эсеп-кысабын жүргүзүү боюнча иш алып барып жатышканын айтышты.