Бүгүн, 28-апрелде Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында
Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин отуруму өтүп жатат.
Жыйында өлкөнүн экономикасынын энергетикалык секторунун абалы, аны мындан ары өнүктүрүүнүн чаралары жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу кеңештин чечимин аткаруунун жүрүшү жөнүндө маселе каралмакчы.
Иш-чарада президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын башкармалыгы, Жогорку Кеңештин фракция лидерлери, өкмөт жетекчилиги катышууда.