"Орусия мектеп жашынан баштап жогорку окуу жайынан кийинки билимге чейин билим деңгээлин жогорулатууга колдон келишинче аракет кылууда. Коюлган максатка жана билим берүүнү өнүктүрүүдөгү ийгиликке эл аралык интеграция процессинде гана жетсе болот",- деп билдирди Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Надежда Шайденко Жогорку Кеңеш менен Орусиянын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташтык комиссиясынын мүчөлөрүнүн Ош шаарындагы иш сапарында.
Шайденко азыркы ааламдашуу заманында обочо жашаганга мүмкүн эместигин ар бир адам билиши зарыл экенин кошумчалады. "Биздин тарыхый байланыштарыбыз күчөп гана жүрүп отурат, тамырыбыз бир, бул процесс көптөн бери келе жатат",- деди депутат.
Айта кетсек, бүгүн, 28-апрелде Ош шаарында Жогорку Кеңеш менен Орусия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы Парламенттер аралык кызматташтык комиссиясынын IV отуруму өтөт.