Өлкөнүн Коргоо кеңешинин 28-апрелдеги отурумунда президент Алмазбек Атамбаев электр энергиясы боюнча тариф саясатына токтолуп, билдирүү жасады.
Анын айтымында, калктын баалар кандай жолдор менен түзүлөрү тууралуу ачык, негиздүү маалымат алууга акысы бар. "Мына ошондо айрым сасык саясатчылар кызыл кулактык кыла албай, элди козута албай калышат эле. Энергетика - өлкөбүздүн башкы байлыгы. Бизде газ, мунайзат өңдүү байлыктар аз болгону менен, суу, таш көмүр толтура. Керек болсо көмүр энергетикасы гидроэнергетикага альтернатива боло алмак. Бирок бул тармакта болуп жаткан баш аламандык, кенебестик үмүт ордуна кайгы жаратат",- деди президент.