Президент: "Былтыр энергетика тармагына бюджеттен 10 миллиард сом бөлүнсө да, натыйжасы көрүнбөй жатат"

"Былтыр энергетика тармагына бюджеттен 10 миллиард сомго жакын каражат бөлүнсө да, натыйжасы көрүнбөй жатат",- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-апрелде Коргоо кеңешинин отурумунда.

Анын айтымында, энергетика мамлекеттин экономикасынын локомотивинин функцияларын аткарууга күчү жетпей жатат. "Мындан улам бүгүнкү күндө бул тармакка улам-улам дотация бөлүү маселеси турат. Ошондуктан биз бүгүн өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугу жана энергетикалык көз карандысыздыгы үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууга милдеттүүбүз. Бул тармактын узак мөөнөттүк стратегиясын кабыл алышыбыз керек",- деди өлкө башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан