Өлкөнүн энергетика тармагы жаш кадрларга муктаж

Өлкөнүн энергетика тармагы жаш, таланттуу кадрларга муктаж. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Коргоо кеңешинин отурумунда энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаев билдирди.
Анын айтымында, жаштарды табигый илимдерге кызыктырууга мамлекет мектептер жана жогорку окуу жайлар менен иш жүргүзүшү керек. "Адистердин жетишпестигинен энергетикада учурдагы кырдаал орун алды. Кадрларды даярдоо системи жоктугунан бул тармак толук күчү менен иштей албай жатат. Бул маселени чечиш үчүн так чечимдерди кабыл алуу туура",- деди Турдубаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан