Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын Укуктук маселелер боюнча комиссиясынын IV жыйыны өтөт

Эртең, 29-апрелде Бишкек шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Укуктук маселелер жана эл аралык мамилелер боюнча комиссиясынын IV отуруму болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.  
Отурумда ТүркПАнын курамындагы өлкөлөрдүн шайлоо системинин укуктук өңүттөрү, шайлоодо эл аралык байкоочулардын катышуусун уюштуруу маселелери талкууланат. Отурумга ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн - Азербайжандын, Казакстандын, Кыргыз Республикасынын жана Түркиянын парламент өкүлдөрү катышат. 

Иш сапардын учурунда аталган комиссиянын отурумунун катышуучулары "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан