28-апрелде Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинде козголгон кылмыш ишинин тергөө жүрүмүн ыраатташтырууга багытталган мыйзамдын долбоору каралды.
Депутат Курмантай Абдиевдин айтымында, акыркы кезде кылмыш иши козголгон адамдардын тергөө маалында чет өлкөгө чыгып кетип, тергөө ишине атайылап катышпай коюусу көбөйүп барат. "Улуттук мыйзамдарга ылайык, тергөө иши бүткөндөн кийин чет өлкөгө качып кеткен адамдарды сыртынан сот жоопкерчилигине тартуу чараларын көрүүгө мүмкүнчүлүк берилген, ал эми тергөө маалында качып кеткен адамдарга карата андай талап жок",- дейт Абдиев.
Демилгечи ошондон улам кылмыш иши козголгон адамдардын тергөө маалында чет өлкөгө чыгып кетип, тергөө ишине атайылап катышпай койгон адамдын адвокатынын катышуусунда тергөө амалдарын аягына чыгарып, ишти сотко өткөрүү сунушу берилип жатканын айтты. "Азыр чет өлкөгө качып кеткен көп адамдын тергөө иши токтотулуп турат. Кылмыш жасаган адам кандайдыр бир мыйзамсыз жолдор аркылуу жаза жоопкерчилигинен сырткары калбашы керек",- деп кошумчалады ал.
Жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорунун концепциясын жактырып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алды.