Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин отуруму үзгүлтүккө учурады

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин фракцияларынын кеңейтилген жыйыны саат 15:00дө башталгандыктан, Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин отуруму үзгүлтүккө учурады. 

Айрым депутаттар буга каршы чыгышты. Абдыжапар Бекматовдун айтымында, фракциялардын жыйындары аптанын жума күндөрүнө белгиленген. "Биздин комитетте маанилүү маселелер каралып турат. Бул маселелер комитет үчүн оюнчукпу?"- деп нааразы болду Бекматов. Депутат Мыктыбек Абдылдаев да комитеттин отурумун токтотпой, толук өткөрүүнү колдоду.

Ал эми комитет төрайымы Наталья Никитенко фракциялардын жыйынында конституциялык өзгөрүү боюнча маселени кароо пландалгандыктан, ага катышуу маанилүү экенин айтты. "Комитеттин отурумун кийин кезексиз отурум катары өткөрсөк болот",- деди Никитенко.

Жыйынтыгында депутаттардын добуштары менен комитеттин отуруму бир саатка созулуп, саат 15:00дө аяктамай болду. Комитеттин бүгүнкү күн тартибине 14 маселе киргизилген болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан