Акыйкатчынын 2014-жылы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө отчётун кароо кийинки жумага жылдырылды. Мындай чечим Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин 28-апрелдеги отурумунда кабыл алынды.
Акыйкатчы Бактыбек Аманбаевдин айтымында, отчётту жылдырууну суранууга Эсептөө палатасынын текшерүүсү себеп болду. "Адам укуктары боюнча маалымат даяр. Бирок Эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыктары менен биргеликте толук маалымат берүүнү туура көрүп жатабыз",- деп түшүндүрдү акыйкатчы.