Депутаттар "Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилсе, жөнөкөй жарандардын айлыктары көтөрүлөбү?" деп кызыгышууда

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңеште беш фракциянын биргелешкен жыйыны өтүп жатат. Жыйында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланып жатат.

Жыйында депутат Асия Сасыкбаева демилгечи депутаттарга кайрылып: “Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жөнөкөй жарандарга пайда алып келебизби, алардын айлыктары көтөрүлөбү?”- деп суроо салды.

Депутат Феликс Кулов бул өзгөртүүлөр мамлекеттик бийликти башкарууну аныктоого багытталып жатканын айтты. "Өзгөртүү киргизилсе, президенттин укуктары кыскартылып, өкмөттүн ыйгарым укуктары көтөрүлөт",- деди Кулов.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан