"Мамлекеттик унаадан баш тартуу өзүбүздүн колубузда",- деп билдирди депутат
Чыныбай Турсунбеков. Мындай пикирин Турсунбеков 28-апрелде Жогорку Кеңеште беш фракциянын биргелешкен жыйынында айтты. Жыйында депутат
Курмантай Абдиев Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдой турганын айтып, Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын кыскартуу аркылуу бюджетти үнөмдөөгө болорун билдирди.
"90-95 депутат болуп калса, 25-30 унаа, бензинге кеткен каражат, ошондой эле жардамчылардын саны кыскартылып, үнөмдөө болот",- деди Абдиев.
Ал эми Чыныбай Турсунбеков депутаттарга коротулуп жаткан каражаттын санын кыскартууга бул негиз болуп бере албасын айтты.
"Баары өзүбүздүн колубузда турат. Ошол унаадан баш тартуу да биздин колдо. Биз көрүп келип жаткан мамлекеттерде унаасы жок жүргөн депутаттар бар. Биз деле унаадан баш тартып, каражатты кыскартып койсок болот",- деди Турсунбеков.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын айрым мыйзамдарын өзгөртүү маселеси каралып жатат.