Надира Нарматова: "Министрлерди сунуштоо укугун өкмөт башчыга берүү керек"

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештеги беш фракциянын жыйынында Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралууда. Жыйында депутат Надира Нарматова өзгөртүүлөрдүн жарымын колдоп, жарымына каршы экенин айтат. "Учурда өкмөт башчы өзү каалаган адамын министрликке сунуштай албагандыктан, ишти өзү каалагандай жасай албай жатат. Фракциялар бирден-экиден кылып министрликтерди бөлүп алып, жараса-жарабаса да талапкерлерди сунуштап, кайра кабыл алып берип жатабыз. Бул укукту өкмөт башчынын өзүнө берүү керек. Ошондой эле район акимдерин, айыл өкмөт башчыларын дайындоо укугун да берүү керек",- деди Нарматова. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан