“Ар кандай жагдайга карабастан, элдин үйүндө ар дайым свет болуш керек”,- деп билдирди мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-апрелде өткөн Коргоо кеңешинин жыйынында.
Президент Алмазбек Атамбаев энергетикалык сектордогу бардык реформалар элди энергия менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга багытталуусу зарыл экенин баса белгиледи. “Элдин үйүндө свет болуш үчүн өкмөт зарыл чараларды көрүп, түрдүү өзгөртүүлөрдү жүргүзүп, керектүү каражаттарды таап, колдон келген бардык аракетин жумшоого тийиш. Мындан ары Кыргыз Республикасында эч кандай кезектеп өчүрүүлөр болбош керек”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Президенттин Коргоо кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылуусунан кийин Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин милдеттерин аткаруучу Валерий Диль жана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин милдеттерин аткаруучу Кубанычбек Турдубаев баяндама жасашты.
Баяндамачылар энергетикалык секторду өнүктүрүү, энергетикалык компанияларды башкаруу системиндеги реформалар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пландарын, ошондой эле келе жаткан жылуулук берүү мезгилине карата көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу айтып беришти.
Коргоо кеңешинин чечими менен борбордоштурууну жана натыйжалуулугун жогорулатууну камтыган энергетикалык секторду башкарууну реформалоо кыска мөөнөттө жүргүзүлүшү зарыл экендиги белгиленди. Андан тышкары мамлекеттин энергетикалык потенциалын күчөтүүгө багытталган инфраструктуралык долбоорлорго өзгөчө көңүл бөлүнүп, аларды ишке ашырууну тездетүү милдети коюлду.
Мамлекет башчы Коргоо кеңешинин жыйыны натыйжалуу өттү деп белгилеп, секретариатка бүгүнкү жыйындын катышуучулары тарабынан айтылган бардык сын-пикирлерди эске алуу менен тиешелүү чечимди толуктоо тапшырмасын берди.
Коргоо кеңешинин жыйынынын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган чечимдерди тез арада ишке ашырууга киришүүгө тийиш экендигин баса белгилешти.