"Гемодиализ жабдуусун сатып алуу үчүн тендерди кечиктирип жаткандар жазаланышат" деди Дамира Ниязалиева

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева 28-апрелде бөйрөк оорусунан жабыркаган балдардын ата-энелерин кабыл алып, жагдайды талкуулады. 
"Гемодиализ жабдуусун сатып алуу боюнча азыркыга чейин тендер өткөрүлө элек. Бул үчүн өкмөт 2014-жылы эле чечим кабыл алып, 30 миллион сом бөлүнгөн. Кечигүүнүн айынан ондогон оорулуулар жабыркап жатат. Мындан тышкары 22 адам бөйрөгүн алмаштырууга муктаж. Эл аралык макулдашууга ылайык, Түркиядан акысыз дарылануудан өтүүгө 100 адамдын тизмеси киргизилген. Бул маселе да ордунан жыла элек",- деди Ниязалиева. 
Гемодиализ жабдуусу боюнча тендерди кечиктирип жаткандар табылып, жазаланарын кошумчалады вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан