Жогорку Кеңештин 29-апрелдеги жыйынында такси кызматынын ишмердүүлүгүн тартипке салууга багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралды.
Документке ылайык, жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдаланылган жеңил автомобилде жеңил таксини билдирген айырмалоо белгилеринин жок болгону үчүн айдоочуга 3000 сом администрациялык айып салынмакчы.
Буга депутат Дастан Бекешев каршы чыкты. Анын айтымында, өз үй-бүлөсүн баккан таксистке "шашканы" такпаганы үчүн аталган суммадагы айыпты салуу адилетсиз. "Жолдун каршы тилкесине чыкканы үчүн айдоочуга 1000 сом айып салынат, ал эми жөн эле "шашканы" такпаган айдоочуга айып 3 эсе жогору",- деп түшүндүрдү Бекешев.
Депутат Жусупали Исаевдин айтымында, бул долбоор жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун көздөп, таксисттердин ишмердүүлүгүн тартипке салууга багытталган.
Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.