Таксисттер патент алууга милдеттендирилсе, бюджетке 18 миллион доллар каражат түшөт
Жогорку Кеңештин 29-апрелдеги отурумунда “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдын долбоору 2-окууда каралды. Мыйзам долбооруна ылайык, кыргыз жериндеги такси айдоочулары патент алууга милдеттендирилет. Ал үчүн ар бир такси айдоочусу алдын ала лицензия алуусу жана патент алуусу кажет. Депутат Дастан Жумабеков демилгеге каршы экенин билдирди. "Биз таксисттерди патент алууга мажбур кылып койсок, алар да эртең тарифтерди көтөрүшөт. Айланып келип эле экономикалык абалга кептелип жатат",- деди Жумабеков. Жыйында өкмөт өкүлдөрү мыйзам долбоору ишке кирип калса, мамлекетке жылына 18 миллион доллар каражат түшөрү пландалып жатканын билдиришти.