Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган мааракелик медаль чыгарылды

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган мааракелик медаль чыгарылды. Муну бүгүн, 29-апрелде маалымат жыйынында коргоо министринин милдетин аткаруучу Абибилла Кудайбердиев билдирди. Анын айтымында, аталган медаль кыргыз мамлекетиндеги 1079 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине берилет.

Тилекке каршы, арабызда ардагерлердин саны жыл сайын азаюуда. Алардын эң жашы 90 жашта болсо, улуусу жүздөн ашты. 9-майда Бишкекте, Ошто, Караколдо жана башка шаарларда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата эскерүү митингдери өткөрүлөт. “Жоокер боткосу” аттуу акция өтүп, анын жүрүшүндө согуш учурунда жоокерлер жеген ботколордун түрлөрү жасалып, ардагерлерге берилет. Фронттук 100 грамм тартууланат”,- деди министрдин милдетин аткаруучу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Abdurahman
2015-04-29 11:42:45
100 граммды жон эле койбоптурда
+1
Abdurahman
2015-04-29 11:44:30
Урматту редакция!биздин комментарийлер тууралуу почталарыбызга кабар бериле турган кылып койсо болобу, Рахмат
+2
admin_portal
2015-04-29 13:00:09
Abdurahman, саламатсызбы!
Азырынча мүмкүн эмес. Сунушуңузга рахмат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан