29-апрелде Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралды.
Келишимге ылайык, эл аралык каржы уюмдары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн, тагыраак айтканда, айыл өкмөттөрүнүн каржы кызматкерлерин окутуу жана адистик деңгээлин көтөрүү багытында 1 миллион 99 431 сом өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Гранттык каражаттарды жумшоо жүрүмүнө чет өлкөлүк консультанттар эмес, жергиликтүү адистер тартылат. Бул долбоор үч жылдык мөөнөттө аяктайт.
Ратификациялык мыйзам долбоору дароо эле үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.