2015-жылга жергиликтүү бюджет үчүн республикалык бюджеттен теңдештирүүчү гранттардын жалпы көлөмү 1 миллиард 349 миллион сом суммасында бекитилген. Январь-март айларында теңдештирүүчү гранттар иш жүзүндө 283 миллион 30 миң сомго каржыланды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
“Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзамга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан теңдештирүүчү гранттар биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы, Социалдык фондго чегерүүлөр, медикаменттер, жөлөк пулдар) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого жумшалууга тийиш",- деп билдирет министрлик.
Теңдештирүүчү гранттар – стабилдүү социалдык-экономикалык абалды сактап туруу максатында минималдуу мамлекеттик социалдык стандарттарга ылайык жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттер.