Альтернативдик аскер кызматын өтөйм деген балдардын саны жыл сайын азаюуда

Альтернативдик аскер кызматын өтөйм деген балдардын саны жыл сайын азаюуда. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде маалымат жыйынында КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Уюштуруучулук-мобилизациялоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Руслан Абдрахманов билдирди. Анын айтымында, "Мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөр киргенден бери альтернативдик кызмат мурункудай пайдалуу болбой калды. 

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, жоокердин ден соолугунун кээ бир критерийлерине карап укук коргоо органдарына жана Бажы кызматына кирүүгө болбойт. Мындан улам быйыл альтернативдик кызмат өтөйм дегендердин саны 7 миң адамдан бир аз ашты. Ал эми жазгы аскер кызматын өтөөгө жалпысынан 3 миң бала чакырылат. Мындан көбүрөөк деле чакырсак болот, бирок Куралдуу күчтөрүн толуктоо үчүн бул деле жетиштүү. Алардын арасында экс-депутат, депутат жана башка чиновниктердин балдары бар, мисалы, Камчыбек Ташиев экинчи баласын аскерге жөнөтүп жатат.

Муну менен катар 9-Май майрамын майрамдагандан кийин биз Баш мыйзамдын 56-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү туурасында сунуш киргизели деп жататбыз. Ага ылайык, аскер кафедралары толугу менен жоюлат. Жоокерлер Куралдуу күчтөрүнүн өзүнөн даярдык көрүшөт. Анан офицер болом деген жарандарыбыз, кандайдыр бир мөөнөткө Куралдуу күчтөрүндө контракттык кызмат өтөшү зарыл. Ушул жана башка өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга алып чыгабыз”,- деди Абдрахманов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bom.bon
2015-04-29 13:24:53
Армияда тартип орнотулуш керек! Кээ бир ата энелер балдарын армияга десе эле согушка жонотуп жаткандай коркуп калышты!
+5
Bors
2015-04-29 13:58:44
Генерал тура айтат кантсе да генералда
0
AbdiMitalMagamedAliBektur
2015-04-29 19:31:43
Молодес Ташиевди уважаю Атанбаевдин баласычы качан барат экен же
+4
uli1988
2015-04-29 21:16:03
Ташиев молодец ушул адамды аябай сыйлайм
+1
Qnet
2015-04-30 03:04:15
Ташиевдин баласынын кеткени эн сонун улгу башка чиновниктерге!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан