Коргоо министрлиги: "Ысык-Көлдө бир жыл мурун кулап түшкөн тик учак чыгарылбай калды"

Ысык-Көл облусунун Сары-Жаз аймагындагы тоолордо кулап түшкөн Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак чыгарылбай калды. Мындай маалыматты бүгүн, 29-апрелде коргоо министринин милдетин аткаруучу Абибилла Кудайбердиев журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымында, тик учак керексиз болуп калды.

Кулап түшкөн тик учак 5300 метр бийиктикте жатат. Ал жараксыз абалга келип калган. Аны Ми-26 деген тик учак менен гана түшүрүүгө болот, бирок андай техника бизде жок. Анын үстүнө кулаган тик учак кырда илинип турат. Кокус түртүп жиберсең эле ал 1500 метрлик жарга түшүп кетет”,- деди Кудайбердиев.  

Эскерте кетсек, аталган тик учак 2014-жылы 18-июлда саат 10:15 чамасында бутун сындырып алган альпинистти эвакуациялоого барып, кулап түшкөн. Техниканын кулашынын себеби катары табигый шарттар айтылган болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AFRODITA-89
2015-04-29 13:26:18
бул тик учактын ичиндеги адамдар не болгон толук жащып койгулачы мен эми угуп атам
0
admin_portal
2015-04-29 14:16:34
AFRODITA-89, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, маалымат ала аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/75913/
0
aslan_akjol89
2015-04-29 20:33:04
Ошентип бир вертолетту саттык дегилечи.Ал жакка эч ким бара албайт,корбойт деп сценарий тузулгон да.Казахстанда,Россияда ми-26 бар,кат жолдогула жардамга эгер чын эле кулап тушсо.Скорее всего ал тик учак кулабай эле бир акча учун жок болду.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан