Бүгүн, 29-апрелде Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токтогул ГЭСин калыбына келтирүүнүн II фазасы" долбоорун каржылоо жөнүндө” ратификациялык мыйзамдын долбоору каралып, үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаевдин берген маалыматына караганда, бул долбоор Кыргыз Республикасынын энергетикалык көз карандысыздыгына карай жасалган кадамдардын бири болуп саналат. Анткени ушул долбоордун алкагында Токтогул ГЭСинин жабдууларын жаңыртуудан тышкары өлкөнүн энергетика тармагын андан ары өнүктүрүү жаатында бир катар документтердин долбоору иштелип чыгат.
“Токтогул ГЭСинин жабдуулары 40 жылдан бери алмаштыруусуз иштетилип келгендиктен, моралдык жана техникалык жактан эбак эле эскирип бүткөн. 2012-жылы калыбына келтирүүнүн I фазасын ишке ашыруу багытында 55 миллион доллар гранттык жана насыялык каражат алынган. Ал эми анын II фазасында ГЭСтин 2 агрегаты, III фазасында дагы 2 агрегаты алмаштырылат. Учурда 4 агрегат 1200 мегаватт электр кубатын иштеп чыгып жатса, оңдолгондон кийин анын кубаты 1440 мегаваттка чейин жетет", - дейт Турдубаев.
Бул фазада Токтогул ГЭСинин эки турбинасы алмаштырылып, алар 120 мегаватт кубаттуулукка чейин көбөйтүлөт. Долбоордун эки фазасынын жалпы каржысы 250 миллион долларды түзүп, анын 110 миллион доллары Азия өнүктүрүү банкы тарабынан, 100 миллион доллары Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнсө, калган 40 миллион доллары кыргыз мамлекетинин салымы болуп саналат. Насыя каражаты 32 жылдык мөөнөткө 1 жана 1,5 пайыздуу үстөгү менен берилүүдө.
Депутаттар насыя каражатын өз багытында жана сарамжалдуу пайдалануу талабын коюшту. Ошондой эле эл аралык каржы донорлорунан кайра-кайра карыз алып отурбай, Токтогул ГЭСин бара-бара өзүн өзү камсыздай алган абалга жеткирүү чараларын көрүү сунушу берилди.