LGG4: LG`ден амбициясы эң күчтүү смартфон

Сеул, 2015-жылдын 29-апрели. Бүгүн LGElectronics LGG4 смартфонун тартуулайт. Бет ачар 6 шаарда өтөт: Нью-Йорк, Лондон, Париж, Сеул, Сингапур жана Стамбул. 
Жаңы G4 смартфонунда LG компаниясы элеганттуулук жана колдонуудагы ыңгайлуулукка, жагымдуу сезимдердин таң каларлык тажрыйбасын түзүүгө өзгөчө көңүл бурду. LGG4түн камерасы смартфондордо сейрек кездешүүчү апертуралык F1,8 линзасына ээ, бул LGG3кө салыштырмалуу жарык сезгичтигин 80 пайызга жакшыртууга мүмкүндүк берет. LG компаниясы тунук жана деталдуу сүрөттөрдү тартуу үчүн комплектацияга алдынкы 8 мегапикселдүү фронталдуу камераны да кошту. 
"Биз колдонуучуга чындап ыңгайлаштырылган жана дүйнөлүк деңгээлде функционалдуулукту камсыздоого жөндөмдүү жабдуу түзүүнү кааладык. Дизайн, камера, экран, UX интерфейси жана башка көптөгөн параметрлер боюнча алып караганда, бул амбициясы эң күчтүү телефон",- деп билдирди LGElectronicsMobileCommunicationsCompany компаниясынын президенти Жуно Чо.    
LGG4 5,5 дюймдуу PSQuantumDisplay дисплейи колдонулган биринчи смартфон болуп калды. Бул түстөрдү айкалыштырууну жана сезгичтикти камсыздоо үчүн AdvancedIn-CellTouch (AIT) технологиясы колдонулган биринчи дисплей. 
LGG4 смартфону 3000 мАч кубаттуулукка ээ кубаттагычы менен жабдылган. 



кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
SHATY
2015-04-29 13:50:10
Канча сом?
0
Bors
2015-04-29 15:57:02
Арзан эле бллсо керек 50 миндин тегерегинде
0
diiazbek
2015-04-29 16:33:17
Башталгыч баасы жок дегенде 1.5 долардан жогору болсо керек кайдагы 50 ну айтасынарда
0
terabait
2015-04-29 23:01:28
Bizdin tuuganchikterde soz jokko 50000 ele bolso kerek deit ko iya maga al akcha chon akcha
0
boyka.kg
2015-04-29 23:39:10
жакшы телефон екен
0
AFRODITA-89
2015-04-30 00:43:18
огоо элдер ушунча байып кеткенби 50000 эле дегидей денгээлде мен учун "ээлууу миииин соооооом" анча акчага бир эле телефон алгыча толтура керектуулор алып алсам жакшы
0
Saribulak
2015-04-30 09:10:18
Менда тан калдым элуу мин эле дешетго. Биз учун элуу мин табыш коп мээнетти талап кылат.
0
ayildik_kiz
2015-04-30 10:41:55
50000 эле дегенди какшык сыяктуу жазган болуш керек.?
+3
bom.bon
2015-04-30 14:48:11
ayildik_kiz, менда ошондой тушундум:)
Бул телди камера менен гана озгочо экен башка айырма деле жокко.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан