Билим берүү тармагындагы көйгөйлөр көп жылдардан бери топтолгон, аны коомчулуктун жардамысыз жоюу кыйын. Муну билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Эльвира Сариева Чүйдөгү С.Ибраимов атындагы мектептин окуучулары менен жолугушууда айтты. Министрликтен 29-апрелде билдиришкендей, Сариева "Биздин мектеп" долбоорунун алкагындагы биринчи акцияны өзү баштап берди. Долбоордун алкагында кайсы бир мектептин бүтүрүүчүлөрү өз демилгелери менен мектепке жардам беришет.
"Бул деген мамлекет мектептерди окуу китептери, эмеректер менен камсыздоо боюнча өзүнөн жоопкерчиликти алганы жатат деген сөз эмес. Министрлик бул максатка багытталган каражатты 2016-жылдын бюджетинен көбөйтүүгө бардык күчүн жумшайт. Бардык кыйынчылыктарды биргеликте гана жеңе алабыз, коомчулукту бул долбоорду колдоого чакырам",- деди Сариева.