Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы өкмөт башчылык кызматка экономика министринин милдетин аткаруучу
Темир Сариевдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу 29-апрелде
SUPER.KG порталына депутат
Ташполот Балтабаев билдирди. Анын айтымында, фракция мүчөлөрү жалпы бир добуштан колдоого алышты.
"Фракция жыйынында бир гана Темир Сариевдин талапкерлиги каралды. Башка талапкерлердин тизмеси киргизилген жок",- деди Балтабаев.
Айта кетсек, өкмөт башчылык кызматка Сариевден башка биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Тайырбек Сарпашев, өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронбаев жана Бишкек шаарынын экс-мэри Иса Өмүркуловдун талапкерлиги сунушталып жатканы айтылган.