Курманбек Дыйканбаев: “ТүркПА түрк тилдүү элдерди бири-бирине жакындатууда өзүн көрсөтө алды”

Бүгүн, 29-апрелде Жогорку Кеңеште Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын IV отуруму өттү. Жыйынга ТүркПАга мүчө өлкөлөр: Азербайжан, Казакстан, Түркия жана кыргыз мамлекетинин парламент өкүлдөрү катышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаев ТүркПА жүргүзгөн ишинде түрк тилдүү элдердин бири-бирине жакындоосунда таасирдүү натыйжа катары өзүн көрсөтө алганын белгиледи. 

“Ассамблея алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда саясий, экономикалык, маданий жана башка мамилелердин тамыр жайышына өбөлгө түзүлдү. Жыл сайын биргелешкен күч-аракетибиз аркылуу ТүркПАнын ишмердүүлүгү өркүндөп баратат. ТүркПАга мүчө мамлекеттердин туруктуулугуна жана бакубат жашоосуна салым кошо турган натыйжалуу жана конкреттүү долбоорлор ишке аша турган платформага айланып баратканына чоң маани беребиз”,- дейт депутат.

Комиссиянын IV отурумунда ТүркПАнын курамындагы өлкөлөрдүн шайлоо системи, бул багытта тажрыйба алмашуу, шайлоолорго ТүркПАга мүчө мамлекеттердин байкоочуларынын катышуусун уюштуруу маселелери талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан