Жалал-Абад. Көчкү коркунучу бар жерлерге көчөттөр отургузулууда

Өзгөчө кырдаалдар министринин демилгеси менен ишке ашырылып жаткан “Жашыл” долбоордун алкагында Жалал-Абад облусу боюнча жаздын алды менен жумуштар башталды. Муну бүгүн, 29-апрелде аталган министрликтен кабарлашты. 

Маалым болгондой, Жалал-Абад облусу боюнча “Жашыл” долбоорун ишке ашыруу боюнча 10 объект, андан кийин Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынан 2 объект кошумча киргизилген. 

Бүгүнкү күндө Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын Соку-Таш, Ак-Булак айылдарында көчкү коркунучу бар 4 гектар аянтка ашар жолу менен 1600 түп жаңгак, 600 түп бадам көчөтү тигилип, айланасын тосуу үчүн ӨКМ тарабынан 164,4 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

Базар-Коргон айыл аймагынын Беш-Бадам айылындагы көчкү коркунучу бар 2 гектар жер аянтына бүгүнкү күнү 500 түп долоно, 500 түп алча көчөтү, 70 килограмм бадам уругу эгилип, буга 100 миң сом бөлүндү. 

Аксы районундагы Авлетим айыл аймагынын Көк-Жаңгак тилкесинин көчкү коркунучу бар 6,1 гектар, Кашка-Суу айыл аймагынын Өлөң-Булак айылынын жанындагы 5,1 гектар жер аянттарынын айланасын тосуп, керектүү көчөттөрдү отургузуу иши Бириккен Улуттар Уюмунун "Өнүктүрүү" программасы тарабынан аткарылууда. Бүгүнкү күнгө Кашка-Суу айылына 3000 түп жаңгак, 1000 түп өрүк, 1000 түп алма, 500 түп терек, 500 түп кара жыгач, Авлетим айылына 2000 түп жаңгак, 3000 түп өрүк, 3850 түп кара жыгач көчөттөрү отургузулуп, айланасын тосуу жумуштары кызуу жүргүзүлүүдө.

“Жашыл” долбоорунун ишке ашырылуучу жумуштары аталган аймактарда май айында толук бүткөрүлмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
balapan
2015-04-29 19:30:01
Абдан жакшы иш чара болуп жаткан экен, эми ушунча мээнетти талаага кетирбей жаны тигилген жаш кочотторду жакшылап кароо керек, мал баккандар кой, эчкилерине жедирип кажытып жибербестен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан