Кыргыз мамлекетинде бүгүндөн тартып букмекер кеңселери жабылат

Бүгүн, 29-апрелде кыргыз жеринде букмекердик кеңселер жана тотализатор бюролору жабылат. Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы аталган тармакка берилген лицензияларды жокко чыгара турган буйрукту 16-апрелде жарыялаган.  
Букмекер кеңселерин жабууга багытталган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам парламент тарабынан 2015-жылдын 25-февралында кабыл алынган. Мыйзамга президент 13-апрелде кол койгон. 
Кошумчалай кетсек, кыргыз мамлекетинде казинолордун иштешине 2012-жылдын 1-январында тыюу салынган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан