Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жооперчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 18-мартында кабыл алган.

Мыйзамдын максаты - коомдук тартипти камсыз кылууда чараларды күчөтүү. Бул үчүн кодекс жаңы 373¹-беренеси менен толукталып, анда администрациялык камоодо болуу ордунан өзү билип кетип калуу же администрациялык камоодо болуудан баш тартуу үчүн жоопкерчилик каралган.

Мындан тышкары кодекстин 630-беренесинде такталган негиздер болсо, администрациялык камоо жөнүндө токтомду аткаруу судья тарабынан үч суткалык мөөнөткө чейин токтотула турушу же биротоло токтолушу мүмкүн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан