Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө" буйруктарга кол койду. Биринчи буйрукка ылайык, 599 адам (530у улуулар, 69у жашы жете электер) кыргыз мамлекетинин жарандыгын алды. Көпчүлүгү Тажикстан менен Өзбекстандын мурунку жарандары болушкан этникалык кыргыздар. Экинчи буйрук менен 159 адам Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылды. Мунун 125и улуулар, 34ү жаш балдар.