Темир Сариев "Ата Мекен" фракциясын негизги пландары менен тааныштырды

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын 30-апрелдеги жыйынында премьер-министрликке талапкер Темир Сариев депутаттарды алдыдагы пландары жана милдеттери менен тааныштырды. Жыйындын башында фракция лидери Өмүрбек Текебаев талапкердин өмүр баянын айтып берди. Андан соң Т.Сариевге сөз берилди.

"Мен үчүн бул чоң жоопкерчилик. Кыска мөөнөттө аткарылуучу иштер көп. Эң негизгиси, быйыл өтчү парламенттик шайлоо. Аны таза өткөрүшүбүз керек. Мындан тышкары Евразия экономикалык союзуна кирүү боюнча бир топ иштер бар. Бул багытта иш алып барып, элибизге ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү керек. Күзгү-кышкы мезгилге даярдыктарды азыртадан башташыбыз зарыл",- деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан