Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк 29-апрелде премьер-министрликке Темир Сариевдин талапкерлигин карап, ага негизги эки талап койду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 30-апрелде депутат Ташполот Балтабаев билдирди.
Анын айтымында, жыйында Сариев өкмөттүн иши менен, “Кумтөр” маселеси жана Евразия экономикалык биримдигине кирүү маселеси менен тааныш болушу керек, ал күзгү парламенттик шайлоого өзүнүн партиясы менен шайлоого барбашы керек деген талаптар коюлду. Депутат буга Сариев макулдугун бергенин кошумчалады.
Ал эми коалициялык көпчүлүк Сариев бул шартка макул болгондуктан, анын талапкерлигин жактыруу чечимин кабыл алды. Эми Сариевдин талапкерлигин Жогорку Кеңеш жактырса, президенттин буйругунан кийин ал өкмөттүн жаңы курамы куралганча өкмөт башчынын милдетин аткарууга киришет.