Алыскы Зардалы айылындагы окуучулар үчүн китептер жеткирилди

Баткендин Зардалы айылында жашаган калкка маданий-интеллектуалдык жактан жардам берүү максатында 4-класска чейинки окуучулар үчүн окуу куралдары жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан билдиришти. 

"Президент 2015-жылдын 26-январында “Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?” тасмасынын авторлору менен жолукканда козголгон маселелердин айрымдарын чечүү үчүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Зардалы айылына окуу китептерин, кыргыз адабиятынын мыкты үлгүлөрүн жеткирүү маселесин моюнга алган",- деп билдирет мекеме. 

Иш сапарга аталган комиссиянын, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү барышканы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан