Жалал-Абад облусунун Сузак айылынын тургуну ок атуучу куралды өз ыктыяры менен тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 28-апрель күнү Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын негизинде 1964-жылы туулган Д.Д. аттуу жаран атасынан калган, каттоодо жок ИЖ-12 үлгүсүндөгү ок атуучу куралын тапшырган. Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.