Жогорку Кеңештин 30-апрелдеги жыйынында депутат
Исмаил Исаков "Бишкек кайырчылардын шаарына айланып калды" деп билдирди. Депутат көчөдөгү кайырчыларга тийиштүү органдар чара көрбөй жатканына нааразы.
"Ар бир көчөнүн кесилишинде турушат, керек болсо үйлөргө чейин барып, эшикти ачмайынча кетпей тура беришет экен. Биз кайда баратабыз? Милиция бар, социалдык кызматкерлер бар, эмнеге чара көрүлбөйт?"- дейт депутат.
Исаков мындай көрүнүш өлкөгө келчү туристтерди качыра турганын айтат.