"Кыргыз алтын" ишканасынын вице-президенти Кылычбек Шакиров кызматтан кетти

"Кыргыз алтын" ишканасынын башчысынын милдетин аткаруучу Кылычбек Шакиров кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 30-апрелде аталган мекеменин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалым болгондой, Шакиров кызматтан өз арызы менен кетүүдө. Ал айрым маалымат каражаттарына кызматтан кетип жатканынын себебин "өкмөт менин билимимди жана тажрыйбамды баалабай жаткандыктан кетүүгө бел байладым" деп түшүндүрдү.
Шакиров 2 жылдан бери аталган ишкананын вице-президенти жана Кыргыз Республикасынын атынан “Центтерра Голд” компаниясынын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштеп келген.  
Айта кетсек, кечээ, 29-апрелде өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаевдин буйругу менен "Кыргыз алтын" ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу болуп Алмаз Алимбеков дайындалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан